Вена шаарында Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү
21 март

Вена шаарында Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 18-мартында Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык борборунда Бириккен Улуттар Уюмунун Куралсыздануу маселелери боюнча башкармалыгынын Вена шаарындагы кеңсеси (UNODA) жана Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы  Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларына Венадагы UNODA кеңсесинин башчысы Ребекка Йовин жана Венадагы эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Толенды Макеев кайрылып, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2022-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялаганын баса белгиледи. Ал ошондой эле Борбордук Азиядагы ядролук куралдан эркин аймак жөнүндө Келишимдин демилгечисинин бири жана депозитарийи катары Кыргызстандын ролу тууралуу маалымдады. Мындан тышкары тынчтык, куралсыздануу жана жайылтпоо идеяларын илгерилетүүдө билим берүүнүн жана жаштардын катышуусунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Андан соң иш-чаранын алкагында Венадагы талкуу форматына ылайык интерактивдүү пикир алмашуу орун алды. Анда Казакстандан, Россиядан жана Зимбабведен келген 2023–2024-жылдардагы Youth4Biosecurity жана Youth Leader Fund for a World Without Nuclear Weapons эл аралык программаларынын жаш стипендиаттары жана бүтүрүүчүлөрү жаштарды куралсыздануу максаттарын илгерилетүү процессине тартуу боюнча өз  ойлорун айтып,  бул жаатта конкреттүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча көз караштары менен бөлүштү.

Жаш лидерлер Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү аларга эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн куралсыздануу боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берип жаткандыгына ынанышты.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 77/51-резолюциясын кабыл алып, 5-мартты Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча Эл аралык агартуу күнү деп жарыялаган. Бул дата ошондой эле 1970-жылдын 5-мартында Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө макулдашуунун (ДНЯО) күчүнө кирген күндү белгилейт.