Сүлүктүдө аскер кызматкерлерине кызматтык батирлер тапшырылды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аскер кызматкерлерине арналган кызматтык батирлердин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Region телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Атайын кызматтын төрагасы өз сөзүндө мамлекет тарабынан аскерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттарга кеңири токтолуп, кызматкерлерди мекенге ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана берилгендик менен кызмат өтөөгө чакырды.
2051 аскер бөлүгүндө төрт кабаттуу имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада 64 батирлүү заманбап турак жайга айланды. Бул батирлер аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган.
Төрт кабаттуу имарат мурда эскилиги жетип, кароосуз абалда калган.
Республикалык бюджеттен керектүү каражат бөлүнүп, имарат заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Оңдоо жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү ушул жылдын март айында башталып, октябрда толугу менен аяктады.
