Алайда жер титиреди
Алайда жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
