Баткен облусундагы “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын жаңы имараты ачылды
Баткен облусундагы 2021 аскер бөлүгүнүн “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын жаңы имараты расмий түрдө ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, чек арачыларга түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты.
Жаңы курулган заставада аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү жана жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар каралып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Чек ара кызматкерлери үчүн эки кабаттан турган, 40 батирлүү жаңы турак жай да курулуп, пайдаланууга берилди. Буга чейин бул чек ара заставасында аскерлер үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн эмес, кызматкерлер ар кайсы жерлердеги ижара үйлөрүндө жашап келишкен.
