Бишкекте үч күн бою “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт
15 октябрь

Бишкекте үч күн бою “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт

2025-жылдын 17-18-19 октябрында Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Жарманкеде Кыргызстандын бардык аймактарынан ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана дыйкан-фермерлердин табигый, таза, сапаттуу, эң мыкты продукцияларын өз баасында, ортомчусуз сатыпалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар.

Ошондой эле, республикадагы ар бир аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын продукциялары элдин назарына коюлат. Айтсак, Ош,Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй дубандарында өндүрүлгөн бардык товарлар жарманкенин текчелеринен орун алмакчы.