
Стамбулда Кыргызстан менен БАМККнын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) башкы катчысы Жасем Мохамед Аль-Будайвини жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында 21-июнда Стамбулда өткөн.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен БАМККнын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Бишкекте өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” 2-Инвестициялык форумун даярдоонун уюштуруучулук жана мазмундук аспектилерин талкуулашты.
Форум экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен БАМККга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат.