Кыргызстандыктар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Израилден Египет аркылуу чыгып кете алат — ТИМ
21 июнь

Кыргызстандыктар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Израилден Египет аркылуу чыгып кете алат — ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израиль Мамлекетинин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында египет тарап менен Кыргыз Республикасынын жарандарына Эйлат шаарындагы Египет Араб Республикасынын Башкы консулдугунан кыска мөөнөттүү визаларды (14 күндөн 30 күнгө чейин) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Бул Кыргыз Республикасынын жарандарына Израилден Египет аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулунун Герцлия шаарындагы кеңсесинен Эйлат шаарындагы Египеттин Башкы консулдугуна уюшкан түрдө чыгуу 2025-жылдын 24-июну, шейшемби күнүнө белгиленди.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израилден чыгып кетүүнү каалаган бардык жарандарды ыкчам түрдө төмөнкү маалыматтарды берүүнү өтүнөт:

  1. Аты-жөнү;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспортунун сериясы жана номери;
  3. Израилдеги учурдагы жүргөн дареги;
  4. Байланыш телефон номери;
  5. Паспорттун башкы бетинин сүрөтү.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды төмөнкү даректерге жөнөтүү зарыл:

  • электрондук почта аркылуу: consulkyrgyz@gmail.com;
  • же WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге: +972 53 321 4916, +90 545 689 6800.

Кыргыз Республикасынын ТИМи маалыматтарды берүүнү кечиктирбөөгө чакырат жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирет.

Кошумча суроолор жаралса, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз:

  1. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +90 545 689 68 00;
  2. Кыргыз Республикасынын Герцлия шаарындагы Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498.