Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2025-жылдын 9-декабрь күнү Аламүдүн РИИБге 1992-жылы туулган Т.А. атту жаран, өзүнүн таанышы Ж.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, шектүү анын ишенимине кирип, 4000 доллар пайда берем деп убада кылуу жолу менен 2025-жылдын октябрь–ноябрь айлары аралыгында аны алдатып, 15 000 доллар акчасын алып, андан соң качып жүргөн.
Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренесинин (Алдамчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн жашынып жүргөн жерин аныктап, 1994-жылы туулган Ж.А.ны кармашты. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда шектүүнүн район жана облус аймагында жасалган башка окшош кылмыштарга байланыштуулугу текшерилүүдө.
