Оштогу Р. Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңыдан асфальт төшөлдү
Р. Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өскөналиев көчөсүнөн тарта Б. Осмонов көчөсүнө чейинки аралыктагы тамтыгы чыккан, эски жол толук капиталдык оңдоодон өттү.
Жолду пайдаланууга берүү аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана мекеме ишкана жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жолдун кызыл тасмасы кесилип, калаа башчысы жана шаар тургундары жаңыдан асфальт басылган жолдон басып өтүштү.
