Кыргызстанда бир түндө үч жолу жер титирөө катталды
4-ноябрга караган түнү Кыргызстандын аймагында жана кыргыз-тажик чек арасында үч жолу жер титирөө катталды. Алардын эң күчтүүсүнүн очогунда силкинүүнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Алгачкы жер титирөө саат 03:34тө катталган. Анын очогу Кыргызстандын аймагында, Бор-Дөбө айылынан 14 чакырым түндүк-батышта, Талды-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жакын болгон. Талды-Суу, Арча-Булак жана Сары-Могол айылдарында 4 балл, ал эми Дароот-Коргон жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Андан 10 мүнөт өткөндөн кийин, саат 03:44тө экинчи жер титирөө катталган. Анын очогунда силкинүүнүн күчү 3,5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 1 чакырым түштүк-батышта жайгашып, айыл тургундары 3,5 баллга чейинки силкинүүнү сезишкен.
Үчүнчү жер титирөө саат 04:50дө кыргыз-тажик чек арасында болгон. Анын очогунда силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткен.
Очогу Бор-Дөбө айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 35 чакырым жана Ош шаарынан 126 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жакын сезилген. Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол жана Нура айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
