КР БШКсы Бишкек шаарындагы эки шайлоо участогунда тестирлөө өткөрдү
КР БШК
4 ноябрь

КР БШКсы Бишкек шаарындагы эки шайлоо участогунда тестирлөө өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-ноябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жайгашкан №1002 участкалык шайлоо комиссиясында жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан №1204 участкалык шайлоо комиссиясында тестирлөө өткөрдү.

БШКдан кабарлашкандай, тестирлөө саат 10:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - алдыдагы президенттик шайлоого карата шайлоо модулунун иштешин, системанын туруктуулугун жана шайлоочуларды онлайн идентификациялоо механизмин текшерүү болду.

Аралыктан добуш берүү системасы онлайн-идентификацияга негизделет. Анын колдонулушу шайлоочуга туруктуу катталган жеринен тышкары, өзү каалаган шайлоо участогунан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Тестирлөөнүн жүрүшүндө ушул системанын иштөө механизми да текшерилди.

Бул иш-чара жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Жалпы республикалык тестирлөөнү 2026-жылдын 18-ноябрында өткөрүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.