«Элдик Банк» юань менен облигация чыгарып, $500 млн чейин каражат тартууну пландоодо
«Элдик Банк» кытай юанында номинацияланган облигацияларды жайгаштыруу аркылуу доллар эквивалентинде 500 млн долларга чейин каражат тартууну пландоодо.
Бул тууралуу банктын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, учурда банк юань менен номинацияланган жана Кытайдын материктик бөлүгүнөн тышкары жайгаштырылуучу dim sum bonds облигацияларын чыгаруу боюнча негизги инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Облигацияларды жайгаштыруу 2026-жылдын аягына чейин, болжол менен декабрь айында ишке ашышы мүмкүн.
Уланбек Ногаев түшүндүргөндөй, юань менен карыз алуу еврооблигациялар аркылуу каржылоого караганда арзаныраак. Мындан тышкары, бул ыкма Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу муктаждыктарына көбүрөөк шайкеш келет. Анткени алардын көбү Кытайдын каржылоосу менен байланышкан.
Ошондой эле «Элдик Банк» 2027-жылы доллар менен номинацияланган дагы бир облигациялык насыя чыгарууну көздөп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин банк алгачкы еврооблигацияларын чыгаруу аркылуу 500 млн доллар тарткан. Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, бул чыгарылыш инвесторлор арасында жогорку суроо-талапка ээ болгон.
