Трактор өз багытын өзү табат: автопилот Кыргызстандагы дыйкандарга үрөн жана күйүүчү майды үнөмдөөгө кантип жардам берет
Азыркы заманбап тракторлор талаада адамдын катышуусун дээрлик талап кылынбай, алдын ала белгиленген так багыт боюнча күнү-түнү жүрө алышат. Бишкекте өткөн «AgroTechExpo-2026» көргөзмөсүндө жана «Алтын Күз» жарманкесинде «Agrotrek» компаниясы так дыйканчылыкка арналган EFarm автопилот системасын сунуштады. Компаниянын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Ташметов мындай системанын чакан жер тилкелери үчүн да кандай пайдасы бардыгын, баасын жана автопилотту бир жолу колдонуп көргөн дыйкандардын эмне үчүн экинчисин сатып алууга кайра кайрылып келерин түшүндүрүп берди.
– Мурат, компанияңыз эмне менен алектенет, айтып берсеңиз?
– Мен «Агротрэк» компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысымын. Биз Кытайдын «DEUTZ FAHR MACHINERY» заводунун расмий дилерлерибиз, 50дөн 240 ат күчүнө чейинки тракторлорду алып келебиз.
Иштеп жатканыбызга 3 жыл болду. Тракторлорго бир жарым жыл же 1000 мотосаат кепилдик беребиз. Бизде чыгып иштеген сервис бригадасы бар. Тиркеме жабдууларга – соколорго жана башка агрегаттарга – бир жыл кепилдик берилет.
Тракторлордон жана тиркеме жабдуулардан тышкары, EFarm автопилотторубуз бар. Азыр алар Россия жана Казакстан рынокторунда көрүнүктүү орунду ээлеп турат. Жапон өндүрүүчүлөрү да кытай автопилотторун өз тракторлоруна орнотушат.
– Автопилот – бул трактордогу жасалма интеллект сыяктуубу? Ал кантип иштейт, жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берсеңиз?
– Ал фермерге ишти сапаттуу, тез жана үнөмдүү аткарууга жардам берет. Автопилот трактордун кыймылын башкарат дагы, ал түз, белгиленген сызык боюнча барат.
Эң башкы функция – бул сызгычтай болуп түз себүү. Эмне үчүн бул маанилүү? Анткени кийинки иштерди аткаруу үчүн башка техникалар: сугаруу, культивациялоо, чачуу – дал ушул сызыктар боюнча кириши керек. Эгерде башынан эле туура себилсе, кийинки иштерди аткаруу жеңилдейт.
Азыр бул продукт Кыргызстанда кеңири колдонууга жакында эле кирип жатат. Фермерлерге бул тууралуу айтып, ал кандай мүмкүнчүлүктөрдү берээрин түшүндүрүү керек. Биздин компания технологияны жеткиликтүү кылууга аракет кылат: дыйкандар бул системасы бар техниканы дароо сатып алышы үчүн тракторлордун айрым комплекттерине автопилотту бекер орнотуп беребиз.
– Фермер башка маркадагы трактор сатып алган болсо, автопилотту өзүнчө орнотсо болобу?
– Албетте. Гидравликалык башкаруу системасы бар болсо, ар кандай маркадагы тракторлорго орнотулат. Автопилоттун өзүнчө баасы 3900 доллар.
– Демек, бул биздин рынок үчүн жаңылыкпы? Көргөзмөдө анчалык ачык көрсөтүшкөнүн байкабадым.
– Автопилотторду сатып жатканыбызга бир жылдай болуп калды, бирок Кыргызстан үчүн бул али жаңы продукт. Аны жайылтуу, адамдарга кантип иштээрин жана пайдасы эмнеде экенин түшүндүрүү керек. Түшүнгөндөр аны менен иштөөдөн ырахат алышууда.
Бул жерде бизде симулятор – демонстрациялык модели бар. Ал аркылуу автопилоттуу трактордун кандай иштээрин көрсөтсө болот.
– Фермер чечим кабыл алганга чейин муну байкаштыра алабы?
– Ооба. Бул системанын иштөө принцибин түшүнүүгө жардам берет.
– Бирок бизде Казакстан же Өзбекстандагыдай чоң талаалар жок. Көпчүлүк фермерлер чакан жерлерге ээлик кылат. Аларга автопилот канчалык керек?
– Фермердин 50 сотых жери болсо да, туура колдонсо система пайдалуу болот. Ал эми 50 гектар болсо, анда сөзсүз керек.
Мурда механизатор дарактарга, жердеги кайсы бир белгилерге карап багыт алчу. Сызыкты сактап калуу үчүн терекке багытталчу. Ал эми автопилот менен мындай белгилерди издөөнүн деле кереги жок. Ал караңгыда да тракторду түз алып жүрүүгө жардам берет.
– Демек, түн ичинде иштегенде багытты жоготуп алуудан коркпосо болот экен да?
– Ооба. Бир окуя болгон: бир кишинин айтымында, түндө иштеп жатып, ишин тезирээк бүткөрүүгө аракет кылган. Алыстан жарык көрүп, аны багыт катары карманган. Бара-бара жакындаганда, ал машина экенин түшүнгөн. Ал трассада ары-бери кыймылдаган, фаралары жыла берген, ал болсо ошолорго карап атып, акырында үрөндү тегиз себе албай калган.
– Демек, талаадагы белгинин ордуна кыймылдап турган машинаны тандап алган экен да!
– Ооба, мындай жагдайлар болот. Мындай каталар кетпеши үчүн автопилот керек. Бул фермер үчүн абдан ыңгайлуу жана функционалдуу жардамчы.
– А сиз фермерлердин бул технологияны кандай баалаганын көрдүңүзбү?
– Өткөн жылы бир киши трактору башка маркадагы болгонуна карабай автопилот сатып алган. Эки жумадан кийин кайра келип, дагы бирөөнү сурады.
«Сиз автопилот албадыңыз беле», – деп таң калдык. Ал болсо: «Балдар, менин эки тракторум бар. Биринчисине автопилот менен жүгөрү септим. Көпчүлүк өтө түз себилгенин көрүп: “Кийинки себүүмдү да сен кыл, эми мага сеп!” – деп кезекке туруп калышты. А экинчи тракторум автопилотсуз турат. Баары мен ошону менен себишимди суранып жатышат», – деди.
Жыйынтыгында эки трактору тең иштеп, киреше алып келиши үчүн экинчи автопилотту сатып алууну чечиптир.
– Бул өтө жакшы көрсөткүч! Демек, адамдар жыйынтыкты көрүп, өздөрү кызыгып башташыптыр да.
– Ооба. Технологияны туура колдонсо, ал чындыгында жардам берет. Биринчиден, убакытты жана акчаны үнөмдөйт. Экинчиден, үрөн жана күйүүчү майды. Эң негизгиси – туура себүү менен бош калган жерлер азаят, механизатор кокусунан сеппей калган аянттар болбойт.
Эгер айдоочу алаксып кетсе, ал тилкенин бир бөлүгүн өткөрүп жибериши мүмкүн. Автопилот белгиленген сызыкты сактоого жардам берет.
– Демек, бул ыңгайлуулук жөнүндө гана эмес, ресурстарды дагы натыйжалуу пайдалануу жөнүндөбү?
– Так ошондой. Үрөн акча турат, күйүүчү май дагы. Эгер себүү так аткарылса, анда башка техникалар менен иштөө жеңилдейт. Мунун баары чарбанын натыйжалуулугуна таасир этет.
– Анда дагы бир суроо жаралат. Эгер аянттар чакан болсо, фермерлер техниканы биргелешип пайдалануу үчүн кооперативдерге биригиши керекпи?
– Аны ар ким өзү чечет. Албетте, биригип, бирге иштеп, техниканы бир нече аянтка пайдаланса болот. Бирок ишти башкача да уюштурууга мүмкүн. Эң башкысы, фермер жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүп, өзүнүн чарбасына ылайыктуусун тандап алышы керек.
Мисалы, бизде автопилот сатып алып, жыйынтыгын көргөн кардарлар бар. Алар муну башкаларга айтып беришет. Ошентип, маалымат жайылат.
– Демек, дароо эле бүтүндөй чарба системасын өзгөртүүнүн кажети жок, бирок рынокто эмне пайда болгонун изилдеп билүү маанилүүбү?
– Албетте. Фермерлер жаңы технологияларга кызыгышы керек. Азыр техника өнүгүп, жаңы чечимдер пайда болууда. Техника канчалык сапаттуу жана ишенимдүү болсо, жакшы түшүм алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт.
– Сиз көргөзмөгө автопилотту гана эмес, дагы башка нерселерди да алып келдиңиз. Биздин фермерлерди дагы кайсы технологиялар кызыктырышы мүмкүн?
– Мисалы, италиялык Alpego компаниясынын терең жумшарткычы бар. Кадимки соко жерди болжол менен 30–40 сантиметр тереңдикте иштетет, ал эми терең жумшарткыч топурактын катмарларын которбой туруп эле, 50–70 сантиметр тереңдикке чейин иштей алат.
– Мындай иштетүүнүн артыкчылыгы эмнеде?
– Ал нымдуулукту сактоого жана топурактын аба өткөрүмдүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Өсүмдүктөрдүн тамырларына өнүгүү оңой болот. Өндүрүүчүнүн маалыматы боюнча, технологияны туура колдонгондо түшүмдүүлүк 30 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн.
Мисалы, эгер чарба гектарынан 7–8 тонна түшүм алса, мындай технологияны колдонгондо, өндүрүүчүнүн айтымында, бул көрсөткүч 10 тоннага жетиши мүмкүн. Бирок бул жерде жабдууларды туура колдонуу жана жердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу маанилүү.
– Демек, жерди иштетүүнүн салттуу ыкмаларын да кайра карап чыгуу керекпи?
– Ооба, технологиялар бир ордунда токтоп турбайт. Биз жерди жыл сайын бир эле ыкма менен айдап көнгөнбүз, бирок бүгүнкү күндө башкача иштөөгө мүмкүндүк берген чечимдер пайда болууда. Аларды изилдеп, кайсынысы конкреттүү чарбага туура келерин түшүнүү керек.
– Ал эми фермерлер кытай техникасына кандай карайт? Айрым адамдарда эгер кытайдыкы болсо, сапаты начар болот деген түшүнүк калыптанган болчу.
– Мындай мамиле акырындык менен өзгөрүп жатат. Кытай өндүрүүчүлөрү башка деңгээлге чыгышты. Азыр көптөгөн белгилүү дүйнөлүк бренддер продукциясын Кытайда чыгарышат. Өндүрүүчү өлкөнү гана эмес, технологияны, сапатын, тейлөөсүн жана кепилдигин да кароо маанилүү.
– Фермерлер үчүн заманбап техника канчалык жеткиликтүү? Анткени жаңы чечимдерге салым талап кылынат.
– Азыр мамлекет тарабынан колдоо бар. Мамлекеттик банктардын, анын ичинде «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» лизинг программалары аркылуу фермерлер техниканы жылдык 6 пайыздык чен, 10 пайыз алгачкы төлөм жана жети жылга чейинки мөөнөт каралган шарттарда сатып ала алышат. Программанын конкреттүү шарттарын, албетте, банктан тактоо керек.
– Демек, техниканы жаңыртуу – жакынкы жылдары эле ишке аша турган маселе экен да?
– Ооба, аны жаңыртуу зарыл. Техника канчалык ишенимдүү болсо, чарба ошончолук натыйжалуу иштейт. Фермерлер жаңы нерселерден коркпой, мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, туура чечимдерди тандап алышы маанилүү.
– Сиз үч күн көргөзмөдө болдуңуз. Коноктордун кызыгуусу кандай болду?
– Жылдан жылга катышуучулар менен коноктордун саны көбөйүүдө. Адамдар техникага кызыгып, суроолорду беришет. Бир гана нерсе, көргөзмөнүн мөөнөтүн бир аз өзгөртсөк го деп ойлойм. Азыр фермерлердин бири түшүм жыйноодо, бири жер айдап жатат дегендей, баары талаа иши менен алек. Бирок айыл чарбасында кыймыл эч убакта токтобойт – бир иш бүтсө, экинчиси башталат.
Көргөзмө Бишкекте гана эмес, аймактарда да өткөрүлүп турса жакшы болмок. Мисалы, жыл сайын жаңы облуста: бүгүн Бишкекте, кийинки жылы – Таласта, Жалал-Абадда, Баткенде, Ошто, Нарында же Ысык-Көлдө.
Борборго жете албаган фермерлер бар, же убакыт же каражат жетпейт. Эгер көргөзмө ар кайсы облустарда өткөрүлсө, көбүрөөк адамдар техниканы көрүп, жаңы технологиялар менен таанышып, өздөрүнө керектүү нерсени тандай алышат.
– Маегиңиз үчүн рахмат. Менимче, дыйкандарыбыз мындай мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматты көргөзмөлөрдөн гана албай, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө да күбө турушу керек. Анткени, алардын келечектеги өнүгүүсү айыл чарба ишканаларынын жаңы технологияларды канчалык терең изилдеп, карап чыкканынан көз каранды.
