Бишкектин чыгыш айланма жолунун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот
президенттин администрациясы
3 ноябрь

Бишкектин чыгыш айланма жолунун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот

Бишкектин чыгыш айланма автомобиль жолунун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышкан учурда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болот. Жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, ал эми жол жээктеринин ар бири 2,5 метрди түзөт.

Ошондой эле долбоордо ири инженердик курулмаларды, татаал транспорттук жол айрыктарын жана көпүрөлөрдү куруу каралган.

Объектти көрүп чыккандан кийин Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин сапатын камсыз кылууну, белгиленген курулуш ченемдерин так сактоону жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.