Кыргызстан менен Камбоджа ишкерлер үчүн кош салык салууну жоюуну көздөп жатат
Кыргызстан менен Камбоджа эки өлкөнүн ортосунда иш алып барган компаниялар жана инвесторлор үчүн кош салык салууну жоюп, бизнес жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
26-28-октябрь күндөрү тараптар тиешелүү өкмөттөр аралык келишимди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүштү. Жолугушуулар видеоконференция форматында уюштурулду.
Келечектеги документте кирешенин кайсы түрүнө кайсы өлкөдө салык салына турганы аныкталып, бир эле кирешеге эки жолу салык төлөө учурларын болтурбоо каралат.
Тараптар келишимдин бир катар негизги жоболорун макулдашты. Документтин үстүндө ишти толук аяктап, кол коюуга даярдоо 2027-жылдын биринчи чейрегинде пландалууда.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, келишим ишкерлер үчүн салыктык тоскоолдуктарды азайтып, бизнес жүргүзүү шарттарын алдын ала так пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет жана инвесторлор үчүн кошумча шарттарды түзөт.
Ошондой эле документте салыктан качууга каршы күрөшүү механизмдери жана эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда маалымат алмашууну кеңейтүү каралган.
Бийлик өкүлдөрү жаңы шарттар Кыргызстан менен Камбоджанын ортосундагы өз ара инвестициялардын өсүшүнө жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүшүүдө.
