Дүйнөлүк банк эки жылда азык-түлүк баасы 18%га кымбатташы мүмкүн экенин болжолдоду
2026-жылы дүйнөлүк рынокто азык-түлүк чийки заттарынын баасы 10%га, ал эми 2027-жылы дагы 7%га жогорулашы мүмкүн. Эгер жагдай терс нукта өнүксө, азык-түлүктүн баасы 2022-жылдагы кризистик деңгээлден да ашып кетиши ыктымал. Мындай божомолдор Дүйнөлүк банктын Commodity Markets Outlook аттуу октябрь айындагы баяндамасында келтирилген.
Дүйнөлүк азык-түлүк рыногуна негизги коркунуч катары күчтүү Эль-Ниньо климаттык кубулушу, Кара деңиз аркылуу дан эгиндерин ташуудагы үзгүлтүктөр жана энергия булактарынын кымбатташы аталган.
Уюмдун баалоосуна ылайык, 2026–2027-жылдары азык-түлүк товарларынын жалпы баасы болжол менен 18%га жогорулашы мүмкүн. Бул 2022–2025-жылдары дүйнөлүк баалардын 21%га төмөндөшүнөн кийинки көрүнүш болот.
Негизги тобокелдиктердин бири — Эль-Ниньо климаттык кубулушу. Ал айыл чарба тармактары өнүккөн ири аймактардагы жаан-чачындын бөлүштүрүлүшүнө жана абанын температурасына таасир этет. Мунун кесепетинен кургакчылык жана суу ташкындары болуп, күрүчтүн, буудайдын жана май өсүмдүктөрүнүн түшүмү азайышы мүмкүн.
Мындай жагдайга Австралиянын, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, ошондой эле Африканын айрым өлкөлөрүнүн айыл чарба аймактары көбүрөөк дуушар болушу мүмкүн.
Божомолго ылайык, 2026–2027-жылдардагы айыл чарба сезонунда дүйнөдө күрүч өндүрүү 2%га кыскарышы ыктымал. Ал эми күрүчтүн баасы 2026-жылы 10%га, 2027-жылы дагы 12%га кымбатташы мүмкүн.
Буудайдын баасы мындан да көбүрөөк өсүшү күтүлүүдө. Тактап айтканда, 2026-жылы 28%га, 2027-жылы 14%га жогорулашы мүмкүн.
Кара деңиз аймагынан дан эгиндерин жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр да кырдаалды татаалдаштырууда. Россия менен Украина дүйнөлүк буудай экспортунун болжол менен 30%ын камсыздайт. Андыктан дан ташуудагы тоскоолдуктар эл аралык рыноктогу бааларга түздөн-түз таасир этет.
Баяндамадагы маалыматка ылайык, 2026-жылдын август айында Украинанын буудай экспорту өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу дээрлик 70%га азайган.
Ошондой эле Дүйнөлүк банк 2026–2027-жылдардагы айыл чарба сезонунда дүйнөлүк буудай өндүрүү 3%га кыскарат деп болжолдоодо.
Өсүмдүк майларынын рыногуна да кошумча басым күчөөдө. Мунайдын кымбатташы биокүйүүчү май өндүрүү үчүн чийки затка болгон суроо-талапты жогорулатса, жагымсыз аба ырайы май өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө коркунуч жаратууда.
Мунун натыйжасында өсүмдүк майларынын жана күнжаранын баасы 2026-жылы 17%га, 2027-жылы дагы 8%га кымбатташы мүмкүн.
Ошол эле учурда негизги божомол боюнча дүйнөдө азык-түлүктүн ири көлөмдөгү тартыштыгы күтүлбөйт. Дан эгиндеринин жалпы запасы жана өндүрүш көлөмү салыштырмалуу жогорку деңгээлде калууда.
Бирок аба ырайынын шарттары бир убакта начарлап, күйүүчү майдын баасы мындан ары өсүп, эл аралык жеткирүүлөрдөгү үзгүлтүктөр узакка созулса, 2027-жылы азык-түлүктүн баасы негизги божомолдон 12%га, ал эми дан эгиндериники 20%га жогору болушу мүмкүн.
Азык-түлүктү импорттоого көз каранды өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн мындай өзгөрүүлөр сатып алуу чыгымдарынын көбөйүү тобокелдигин жаратат. Ошол эле учурда дүйнөлүк рыноктогу баалардын өсүшү ички чекене баалар да дал ушундай пайызда автоматтык түрдө кымбаттайт дегенди билдирбейт.
