Кыргызстанда төлгөчүлөргө, көзү ачыктарга жана диплому жок психологдорго айып пул салуу сунушталууда
Кыргызстанда оккульттук-мистикалык кызматтарды көрсөткөндөргө, ошондой эле тиешелүү кесиптик билими жок адамдардын психологиялык кызмат көрсөтүүсүнө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.
Бул тууралуу «Жарнама жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында айтылат.
Долбоорго ылайык, оккульттук-мистикалык кызматтарды акысыз, акы төлөө же башка мүлктүк пайда алуу аркылуу көрсөткөндөргө 10 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Мындай эле айып пул тиешелүү багыт боюнча жогорку кесиптик билими тууралуу документи жок туруп психологиялык кызмат көрсөткөн адамдарга да каралган.
Эгер укук бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып пулдун өлчөмүн 20 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.
Ошондой эле мындай кызматтар кардарларды тартуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары же маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу системалуу түрдө жарнамаланса, жоопкерчилик күчөтүлөт.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул демилге жарандарды алардын ишениминен жана эмоционалдык жактан алсыз абалынан пайдаланган учурлардан коргоо максатында сунушталып жатканын белгилешет.
Негиздеме-маалымкатта адамдар үй-бүлөлүк чыр-чатактарга, жакындарынын оорусуна, жоготууга, каржылык кыйынчылыктарга же келечекке болгон коркунучка туш болгондо мындай кызматтарга көп кайрылары айтылат.
Демилгечилердин пикиринде, «көз тийүүнү алуу», «адамды кайра кайтаруу», «кырсыктын алдын алуу» же «тагдырды өзгөртүү» сыяктуу убадалар адамдардын кайра-кайра акча төлөшүнө жана кызмат көрсөткөн адамга көз каранды болуп калышына алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, тиешелүү билими жок адамдардын психологиялык жардам көрсөтүүсү да тобокелдик жаратары белгиленген. Авторлордун айтымында, квалификациясы жок адамдардын кийлигишүүсү адамдын абалын начарлатып, адистерге кайрылуусун кечеңдетиши мүмкүн.
Жаңы берене боюнча иштерди ички иштер органдары карашы сунушталууда.
