Мамлекет «Элдик Банктын» 20%га чейинки үлүшүн Лондон биржасы аркылуу сатууну карап жатат
Мамлекет «Элдик Банк» ААКдагы өзүнө таандык үлүшүнүн 20%га чейинки бөлүгүн акцияларды алгачкы ачык жайгаштыруу (IPO) аркылуу сатууну карап жатат. Бул тууралуу банктын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, «Элдик Банк» Лондон фондулук биржасында IPO өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында корпоративдик түзүмүн кайра уюштуруу иштерин баштады.
Акцияларды алгачкы ачык жайгаштыруу алдын ала 2028-жылга пландалууда.
Эгер бул план ишке ашса, «Элдик Банк» акциялары Лондон фондулук биржасына жайгаштырылган Кыргызстандагы алгачкы компания болуп калышы мүмкүн.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы каржы уюмдары жана компаниялары эл аралык капитал рынокторуна чыгууга барган сайын көбүрөөк кызыгууда.
Банк эл аралык инвесторлордун Борбор Азиянын активдерине болгон кызыгуусун пайдаланып, кошумча капитал тартууну көздөп жатат.
