Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди түзүү улантылат – мэрия
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 ноябрь

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди түзүү улантылат – мэрия

Бишкекте коомдук транспорттун кыймылына артыкчылык берүү жана автобустар үчүн атайын тилкелерди түзүү иштери улантылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тыгын көйгөйү ири шаарларга мүнөздүү жана аны жолдорду кеңейтүү менен гана толук чечүү мүмкүн эмес.

Маселени чечүүнүн бир жолу катары мэрия коомдук транспорттун ылдамдыгын жогорулатып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү карап жатат.

Жумабаев бир автобус жеңил унаага салыштырмалуу бир учурда алда канча көп адамды ташый турганын белгилеп, ошондуктан жол кыймылын уюштурууда коомдук транспортко артыкчылык берүү зарылдыгын айтты.

Учурда шаарда автобустар үчүн атайын тилкелерди түзүү иштери башталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

Ошондой эле мэрия бул системанын натыйжалуулугу айдоочулардын жол эрежелерин сактоосуна да байланыштуу экенин белгиледи. Тактап айтканда, жеңил унаалардын айдоочулары коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерге кирбеши керек.