Егор Борисов КМШ өлкөлөрүнүн «Саламаттык сактоо тармагынын лидери – 2026» наамын жеңип алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 ноябрь

Егор Борисов КМШ өлкөлөрүнүн «Саламаттык сактоо тармагынын лидери – 2026» наамын жеңип алды

Бишкек шаарындагы Тез жардам медициналык борборунун директору Егор Борисов эл аралык «КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагынын лидери – 2026» сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу борбордон билдиришти.

Егор Борисов «КМШ өлкөлөрүнүн улуттук саламаттык сактоо системаларын санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн» номинациясында жеңишке жетти.

Ал бул сыйлыкка «Тез жардам медициналык жардамын санариптик трансформациялоо: Бишкек шаарынын Тез жардам медициналык борборунун автоматташтырылган башкаруу системасы» долбоору үчүн татыды.

Сынакка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Азербайжан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Долбоорлор эл аралык эксперттик комиссия тарабынан натыйжалуулугу, практикалык жыйынтыктары жана башка өлкөлөрдө жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынып бааланды.

Борбордон белгилешкендей, бул жеңиш Кыргызстандын тез медициналык жардам көрсөтүү тармагында санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасынын эл аралык деңгээлде таанылышы болуп саналат.

Ошондой эле сыйлык борбордун жалпы жамаатынын системалуу ишинин жыйынтыгы экенин жана Бишкекте иштелип чыккан санариптик чечимдерге эл аралык деңгээлде кызыгуу бар экенин тастыктай турганын билдиришти.