Рамиз Алиев атасынын дүкөнү тууралуу түшүндүрмө берди: документтерди күч органдары текшерүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 ноябрь

Рамиз Алиев атасынын дүкөнү тууралуу түшүндүрмө берди: документтерди күч органдары текшерүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев депутат Элвира Сурабалдиеванын сынына үч жумадан кийин жооп берип, атасына таандык дүкөн тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин вице-мэрлери кармалып жаткан учурда Рамиз Алиев эмне себептен кызматын улантып жатканын сурап, анын мүлкүн текшерүүгө чакырган.

Депутаттын айтымында, Алиев кызматка келгенден кийин ижарага берилген муниципалдык объекттердин тизмеси, ижара акысынын өлчөмү жана шаардык бюджетке түшкөн каражаттар тууралуу маалымат алуу кыйындаган.

Буга жооп катары Рамиз Алиев сөз болуп жаткан соода жайы атасына таандык экенин билдирди. Анын айтымында, атасы бул объектти 2001-жылы, Алиев мектепте окуп жүргөн кезде сатып алган. Алгач ал жерде чакан дүкөн жайгашып, кийинчерээк бир нече жолу кайра курулган.

Ошондой эле вице-мэрдин билдиришинче, дүкөнгө жанаша жайгашкан муниципалдык жердин бир бөлүгүн атасы 2016-жылдан бери мэриядан ижарага алып келген. Кеп болжол менен 8 чарчы метр жер жөнүндө болуп жатат. Ал жерде дүкөнгө чыгуучу тепкич жайгашкан. Алиев ижара акысы үзгүлтүксүз төлөнүп келгенин белгиледи.

Кийинчерээк үй-бүлө тепкичти бузуп, муниципалдык жерди бошотууну чечкен.

Вице-мэр учурда объекттин документтерин, анын ичинде мүлктү тариздөөнүн мыйзамдуулугун жана салыктардын төлөнүшүн укук коргоо органдары текшерип жатканын кошумчалады.

Алиев өзүнүн катышуусунда туугандарына же тааныштарына бир дагы муниципалдык же мамлекеттик жер тилкеси, күркө, аялдама же башка объект берилгени далилденсе, жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, мындай фактылар тастыкталса, коомчулуктан ачык кечирим суроого даяр.