Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын ортосундагы аралык 50 метрден кем болбошу сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 ноябрь

Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын ортосундагы аралык 50 метрден кем болбошу сунушталууда

Кыргызстанда калктуу конуштардан тышкары жолдордо жүргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын кеминде 50 метр аралыкты сактоого милдеттендирүү сунушталууда.

Тиешелүү өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда каралган.

Долбоорго ылайык, бул талап уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү болот. Ал эми жолдо жүрүү ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан жогору болгондо колдонулат.

Демилгечилер мындай норманы киргизүүнү оор жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү жана каршы тилкеге чыгуу менен байланышкан кооптуу жагдайлардын жаралышы менен түшүндүрүшөт.

Долбоордун негиздемесинде бир нече жүк ташуучу унаа бири-бирине өтө жакын жүргөн учурда жеңил унаалардын айдоочулары үчүн ашып өтүү кооптуу экени белгиленген. Тактап айтканда, бир жүк ташуучу унааны ашып өткөндөн кийин өз тилкесине коопсуз кайтууга жетиштүү аралык болбой калат. Натыйжада айдоочу бир нече унааны катары менен ашып өтүүгө же кескин тормоз басууга аргасыз болот.

Мындай жагдайлар өзгөчө эки тилкелүү жолдордо, көрүнүш чектелген жана рельефи татаал аймактарда кооптуу.

Документте келтирилген маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миң 456 жол кырсыгы катталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 19,1 пайызга көп. Кырсыктардан 900 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алган.

Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөдө дагы 1 миң 150 жол кырсыгы катталган.

Долбоордун авторлору ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына таянып, жол кырсыктарынын 90 пайызында күнөөлүү тарап айдоочулар болуп тааныларын белгилешкен. Кырсыктардын кеңири тараган себептеринин бири — коопсуз аралыкты сактабоо.

Негиздемеде 2025-жылдын октябрь айынын аягында Ош — Эркечтам — Сары-Таш унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда эки ири жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болгону да мисал катары келтирилген.

Учурда жол эрежелеринде айдоочулар коопсуз аралыкты сактоого милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Бирок жүк ташуучу унаалардын салмагына жана ылдамдыгына жараша так минималдуу аралык белгиленген эмес.

Сунушталып жаткан өзгөртүү ушул талапты тактап, жүк ташуучу унаалардын ортосундагы аралыкты кеминде 50 метр деп белгилөөнү көздөйт. Бул башка жол кыймылынын катышуучуларына унааларды коопсуз ашып өтүүгө шарт түзүүгө багытталган.