V Элдик курултай: Ош шаарынын делегаттарынын жыйыны өттү
Күн мурун, 3-ноябрда Ош шаарында 2026-жылдын 18-19-декабрында өтүүчү V Элдик курултайга баруучу делегаттар маанилүү чечимдерди кабыл алышты.
Жыйын Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин №2 Протоколуна жана КР Президентинин Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Уюштуруу комитетинин жооптуу мүчөлөрү — академик Ч. Арабаев, профессор С. Кайыпов, КР Президентинин Администрациясынын өкүлү У. Далиев, мамлекеттик инспектор Э. Касымбаев жана шайланган 38 делегат катышты.
Алгач Ош шаарынын мэри делегаттарга калаадагы аткарылган иштер, экономикалык жана социалдык жетишкендиктер боюнча кеңири маалымат берди.
Андан соң күн тартибинде курултайдын Улуттук Кеңешине, эсептөө комиссиясына жана 3 мүнөттүк жарыш сөзгө чыгуучу делегаттардын тизмеси бекитилди.
Делегаттар эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн мамлекеттик деңгээлде жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
