Кыргызстан менен ЕЭК БУУ өз ара кызматташтыкты бекемдейт
КР ТИМ
4 ноябрь

Кыргызстан менен ЕЭК БУУ өз ара кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы Татьяна Молчанды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана келечектери талкууланды.

Кыргыз тарап БУУ ЕЭК менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, анын транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, санариптештирүүгө, энергетикага жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын жогору баалады.

БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, 2026-жылдын 4-5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган СПЕКАнын Экономикалык форуму регионалдык кызматташтыкты чыңдоо жана Программага катышкан мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болору белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен БУУ ЕЭКтин ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдарлык ырасталды.