Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана таза энергетиканы өнүктүрүү талкууланды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
4 ноябрь

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана таза энергетиканы өнүктүрүү талкууланды

Бишкек шаарында туруктуу энергетикага өтүүнү колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди күчөтүүгө багытталган iFIRST долбоорун ишке киргизүүгө арналган семинар өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова, Энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков, ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.

iFIRST долбоору — «Туруктуу энергетикага өтүүнү инновациялык каржылоо» демилгеси Дүйнөлүк банк жана көмүртек активдерин трансформациялоо фонду тарабынан колдоого алынууда. Долбоорду ишке ашырууга 6 жылдык мөөнөткө 35 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо бекитилген. Каражаттар парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу боюнча белгиленген натыйжаларга жетишүүгө жана аларды тастыктоого байланыштуу бөлүнөт.

Долбоор климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтуу, көмүртек бөлүп чыгарууну кыскартуу жана энергетика тармагында экологиялык жактан таза технологияларды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Ошондой эле iFIRST демилгеси Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин аткарууга, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга өбөлгө түзөт.

Туруктуу энергетикага өтүү — климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Бул багыттагы демилгелерди ишке ашыруу өлкөнүн экологиялык коопсуздугун бекемдөөгө, көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максаттарын илгерилетүүгө жана келечек муундар үчүн таза жана коопсуз айлана-чөйрөнү сактоого багытталган.