Көкүм бийдин эстелигин жасоодогу талаш. Өткүрбек Рахманов Ташиевдин тиешеси бар экенин четке какты
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири Өткүрбек Рахманов Көкүм бийдин эстелигин жасоого байланыштуу скульптор Алмазбек Окоев менен ишкер Абдулдабек Көчөрбаевдин ортосунда жаралган талаш боюнча билдирүү жасады.
Анын айтымына караганда, Абдулдабек Көчөрбаевдин Камчыбек Ташиевге эч кандай туугандык жакын байланышы жок.
"Эстеликке буйрутма берүү, аны жасатуу жана 5,4 миллион сомдук акыны төлөө маселесине да генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичтин эч кандай тиешеси жок.
Бул эки тараптын ортосундагы жеке келишимдик жана каржылык гана маселе. Ага саясий өңүт берүүнүн, Камчыбек Ташиевдин атын аралаштыруунун эч кандай зарылдыгы жок.
Ар бир адам өзүнүн жеке иш-аракети жана милдеттенмеси үчүн өзү жооп бериши керек. Бул маселеге саясий боёк берүүгө аракет кылбастан, мыйзам чегинде чечүү зарыл", - деди ал.
