Жыл башынан бери Бишкекте автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 ноябрь

Жыл башынан бери Бишкекте автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды

2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарында автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, кырсыктардын 244үндө коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү деп табылса, 272синде башка жол кыймылынын катышуучулары күнөөлүү болгон.

Эгер жол кырсыгына автобустун айдоочусу күнөөлүү деп табылса, ишкана транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептейт. Айдоочу ошол сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, мыйзам бузуу жана анын оордугуна жараша айдоочуга карата тартиптик чаралар көрүлөт. Анын ичинде сыйлыктан ажыратуу, сөгүш жарыялоо же жумуштан бошотуу чаралары колдонулушу мүмкүн.

Табалдиев акыркы күндөрү автобустардын катышуусунда болгон үч жол кырсыгына да токтолду.

Анын маалыматына караганда, биринчи кырсыкта жеңил унаанын мас абалындагы айдоочусу күнөөлүү деп табылган.

Экинчи жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери уланууда.

Ал эми үчүнчү кырсыкта алдын ала маалымат боюнча, автобустун айдоочусунун тырышуу кармоосу болгон. Учурда окуянын жагдайлары такталууда.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында 86 автобус каттамы иштейт. Мындан тышкары, шаар четиндеги багыттарда 26 кичи автобус каттамы жүргүнчүлөрдү тейлейт.