Казакстандагы эң узак жашаган аял 116 жашында дүйнө салды
Казакстандын Улытау облусунда өлкөдөгү эң узак жашаган тургун Туймегүл Темирбаева 116 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аймактын акимчилиги билдирди.
Туймегүл Темирбаева 1910-жылдын 1-январында Жамбыл облусунун Жайлыма айылында малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Атасы Шотаяк жылкы багуу менен алектенсе, апасы Мангаз үй тиричилигин жүргүзүп, жолдошуна жардам берген. Үй-бүлөдө үч бала болгон. Туймегүл үч жашында энесинен ажыраган.
1932-жылы Аязбай Темирбаевге турмушка чыгып, эки жылдан кийин «Жеңіс» совхозунда жылкычынын жардамчысы болуп иштей баштаган.
Жолдошу экөө мал чарбачылыгы менен алектенип, төрт баланы — үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөн.
Узак өмүрүндө Туймегүл Темирбаева 15 небере жана 25 чөбөрөнүн чоң энеси болду.
Өмүрүнүн акыркы жылдарын Улытау облусунун Жаңаарка районундагы Кызылжар айылында өткөргөн.
