Бишкекте арт-терапиялык мастер-класс өтөт
4 ноябрь

Бишкекте арт-терапиялык мастер-класс өтөт

2026-жылдын 7-ноябрында Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөрү музейинде «Менин маанайым: күз» аттуу арт-терапиялык мастер-класс өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты – катышуучулардын эмоционалдык абалын жакшыртуу, психологиялык чыңалууну азайтуу, өзүн-өзү баалоосун жогорулатуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

Мастер-класс сүрөт өнөрүндөгү монотипия техникасынын негизинде уюштурулат. Аталган ыкма боёк менен капталган жылмакай бетке сүрөт түшүрүп, аны кагазга басып чыгарууга негизделет.

Катышуучулар чыгармачылык ишмердүүлүк аркылуу өздөрүнүн маанайын жана сезимдерин көркөм образдар аркылуу чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Иш-чаранын программасына таанышуу, чыгармачылык иш, даярдалган эмгектерди талкуулоо жана жыйынтыктоо бөлүктөрү кирет.

Мастер-классты психолог, арт-терапевт, Россиянын арт-терапевттер ассоциациясынын мүчөсү Кристина Кареева алып барат.

Катышуучулардын саны 8 адам менен чектелет. Алдын ала катталуу талап кылынат.