Кыргызстанда 2025-жылы 291 социалдык объект курулду
2025-жылы Кыргызстанда 291 объекти курулду жана оңдоп-түзөлдү. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Айтымында, бул жылда мамлекеттик бюджеттен курулуш иштерине 15,5 миллиард сом каралган. 2024-жылга салыштырганда, өткөн жылы 12 миллиард сом коротулган жана 230дан ашуун обьект курулган жана оңдоп-түзөтүлгөн.
“Курулуш иштери бардык тармактарда жүрдү. Мисалы, спортту ала турган болсок, өлкө боюнча стадиондор курулду. Айырмасы – мурда көбүнчө облустук деңгээлде курулса, азыр райондук деңгээлде да болду. Атай кетсек, Каракол шаарында стадион ачылып ишке берилди. Нарын облусунда, Талас, Баткен жана Ош облустарында да стадиондор курулуп жатат. Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Ал эми райондордон Сокулукта, Токтогул шаарында курулду”, – деди Орунтаев.
Ал мамлекет үчүн акыркы жылдары мектеп менен бала бакчаларды куруу күнүмдүк ишке айланганын, анткени жылына 100дөн мектеп, 50дөй бала бакчанын жаңы имараттары ишке берилип жатканын кошумчалады.
