Бишкек: таштанды полигону, электр линиясы, кызык сызык, саркынды суулар зонасы – канча үй туура эмес жерге курулган
15 октябрь

Бишкек: таштанды полигону, электр линиясы, кызык сызык, саркынды суулар зонасы – канча үй туура эмес жерге курулган

Жер мунапысы боюнча мыйзамды аткарууда, тийиштүү кызмат өкүлдөрү көп туш келчү тоскоолдук – бул турак жай курууга арналбаган, айыл чарба багытындагы жерлерге ээлик кылып алгандардын жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү. Башкача айтканда, Бишкек шаарынын тегерек четиндеги документтештириле элек турак жайлардын айрымдары айыл чарба багытындагы жерге курулган.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев билдирди.

Ал мунапыс жүргүзүүдөгү дагы бир катар көйгөйлөрдү тизмектеди.

“Бүгүнкү маалыматка ылайык, 1 857 турак жай 2021-жылдын декабрь айынан кийин салынган. Ал эми мыйзам боюнча, 2021-жылдын декабрь айына чейин курулган турак жай мыйзамдаштырууга жатат. 3 006 турак жай бош жер участокторуна курулган. 156 турак жай аресттеги жер тилкелеринде. 2 643ү таштанды полигонунун коргоо зонасында жайгашып калган. 1 179 үй талаш-тартышка кабылган, башкача айтканда, бир канча ээлери бар. 118 үй жогорку чыңалуудагы электр линияларынын коргоо аймагында, 21и жылуулук тармагынын түтүктөрүндө, 60 үй ЖЭБдин коргоо зонасында курулган. 31 турак эмес үйлөр болсо, 21и ооруган малдар көмүлгөн жайларда жайгашкан. Беш турак жай суунун коргоо зоналарында, дагы беш үй Карагай токою паркынын аймагында”, – деди Мусаев.

Ал белгилегендей, мамлекет жарандардын, алар мыйзамсыздыкка барып, туура эмес жерге үй куруп алганына же туура эмес жерде курулган үйдү сатып алганына карабай, маселесин чечип берүүгө аракеттенүүдө. Мындан улам, жер боюнча айрым эреже-талаптарга өзгөртүү киргизилген.

Мисалы, темир жолдун коргоо зоналары кыскартылып, анын негизинде 100дөн ашуун үй мыйзамдаштырылган.

Көрүстөндөрдүн коргоо зонасы 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылган жана жыйынтыгында, көп жылдар чечилбей келген 570 турак жай мыйзамдашуу процессинде.

Үмүт конушу саркынды сууларды тазалоочу зонада жайгашкандыктан, бул коргоо зонасынын аянты дагы кыскартууга учурап, учурда 300дөн ашуун турак жайлын маселеси чечилүү алдында турат.

Кызыл сызык боюнча дагы өзгөртүү орун алды – 1 418 турак жай кызыл сызыктан чыгып жайгашып калгандыктан, бул боюнча да мыйзамдарга, жоболорго дал келтирүү жүрүүдө.

Ошондой эле, жобонун 18-пунктунда “6 сотыхтан ашпоо” боюнча талап дагы өзгөрдү – эми 10 сотыхка чейинки жер тилкелери да мыйзамдаштырууга жатат.