Эң төмөнкү пенсия 8 800 сом. Майыптыгы жана баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулайбы?
12 август

Эң төмөнкү пенсия 8 800 сом. Майыптыгы жана баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулайбы?

Кыргызстанда ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсия көбөйтүлүп, эң төмөнкү пенсия 8 800 сомдон башталат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, 1-октябрга чейин чектелген пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга, бирок ошол эле учурда 1 000 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүлөт.

“Буга чейин толук эмес пенсия бар болчу. Жарандын камсыздандыруу стажы мыйзамда белгиленген стажга жетпей калса, базалык бөлүгү теңделмелүү эсептелчү. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып бул берене күчүн жоготуп, базалык бөлүк баарына бирдей эсептелип калган. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ппрезиденттин жарлыгы менен пенсиянын базалык бөлүгү 600 сомдон эмес өлчөмдө көбөйтүлүп, пенсиялар 7 100 сомдон кем эмес болуп калган. 2024-жылы стажга болгон талап жеңилдетилип, ага чейин эркектерге – 25 жылдык стаж, аялдарга – 20 жылдык стаж болсо, жаңы мыйзамдардын негизинде, андан 5 жыл алынган. Башкача айтканда, быйылтан баштап пенсияга чыгууда 6 жыл стаж талап кылынат, ал бар болсо, аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан толук пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк алышат”, – деди Мукамбетов.

Ошондой эле ал белгилегендей, эгерде пенсияга чыгып жаткан жарандын стажы жана 1996-жылдан баштап киргизилген камсыздандыруу каражаты аз болуп калса, анда ага базалык бөлүк – 3 170 сом, камсыздандыруу – 2 000 сом чыгып калышы мүмкүн. Жалпы – 5 170. Бирок президенттин жарлыгына ылайык, үстүнө кошулуп, учурда 7 100 сомдон кем эмес пенсия чектелет. Ортодо айырма сумма республикалык бюджеттен базалык бөлүктү жеткирүү менен каржыланат. Ал эми 2026-жылдын 1-октябрынан тартып бул эң төмөнкү пенсия 8 800 сомдон башталат. Көбөйтүү 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон жогору эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.

“Улуттук статистикалык комитеттин расмий көрсөтмөсүндө белгиленген жашоо минимумуна жеткирип жатабыз”, – деди ал.

Бирок Мукамбетовдун айтымында, мындай жогорулатуу 3-топтогу майыптыгы жана баккан адамынан ажырагандыгы боюнча берилүүчү пенсияларда башка механизм менен каралган.

“Аталган пенсиялар 8 800 сомго жетпей калышы мүмкүн. Себеби, баккан адамынан ажырагандыгы боюнча 1 балага божомол пенсиянын 50 пайызы, 2 балага 90 пайызы төлөнгөндүктөн, 8 800 эмес, башка өлчөмдө эсептелип калышы мүмкүн”, – деди Мукамбетов.

Ошондой эле ал каражат жетиштүү экенин белгилеп, калкты “кабатыр болбоого” чакырды.