
19 миң сомдон өндүрүп жаткан. Билим берүү министрлиги шылуундар тууралуу эскертет
Соңку кездерде жеке материалдык кызыкчылыктан улам Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдарынын атынан телефон чалуулар менен коштолгон алдамчылык фактылары көбөйдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Маселен, белгисиз адамдар мектеп директорлоруна телефон чалып, өздөрүн билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары деп тааныштырып, 19 000 сомдон өндүрүп жаткан учур катталды. Ички иштер министрлигине бул факт тууралуу билдирүү жеткирилип, шектүү телефон номери аныктоого берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ушундан улам министрлик мектеп директорлорун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын шылуундарга алданып калбоого, жеке каражаттарга жана маалыматтарга өтө сак болууга чакырат.
Ошону менен бирге министрлик уюштуруу техникаларын бөлүштүрүп берүүдө аймактык бөлүмдөрүнөн жана жалпы билим берүү уюмдарынан акча каражаттарын талап кылууга жол берилбей тургандыгын билдирет жана шектүү эсептерге же банктык тиркемелерге акча каражаттарын которбоо керектигин эскертет.