Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 18нен 24-ноябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1108;
- Мас абалында автотаранспорт каражатын башкаруу – 221;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3044;
- Авто ээнбаштык – 9;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3302;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11040;
Ар кандай жол эрежелерин бузган 1584 автоунаа айып короосуна токтотулду.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
