Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду
Түтүктөгү жараканы оңдоо иштерине байланыштуу Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Жылуулук берүү төмөнкү даректер боюнча токтотулат:
- Учкун кичирайону, үйлөр: 8/2, 9, 8, 12, 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24а, 24б;
- Уч-Тулга көчөсү, 15, 54, 49;
- Казан Булак көчөсү, 10;
- Ауэзов көчөсү, 6/1, 6/2, 8, 6;
- Сатыбалдиев көчөсү, 97.
2024-жылдын 25-ноябрында саат болжол менен 18:00 чейин калыбына келтирүү пландалууда.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн үйлөрдө ысык суу менен камсыздоо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
