Элчи Бөкөнтаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолукту
Элчиликтин Россиянын миграциялык жаатындагы мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрү тууралуу мекендештердин арасында жүргүзүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин алкагында, 2025-жылдын 18-мартында элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз коомдук уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына таасирин тийгизе турган Россиянын миграция тармагындагы мыйзамдарынын негизги өзгөрүүлөрү жана Россиянын аймагында болуу эрежелерин бузуу менен жүргөн мекендештердин 30-апрелге чейин укуктук абалын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берген Россия Федерациясынын Президентинин №1126 жарлыгы жөнүндө маалымат берилди.
Элчи К.Бөкөнтаев кыргыз коомдук уюмдарынын жетекчилерине жана активисттерине Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы жана Элчилик менен тыгыз кызматташуусуна ыраазычылык билдирип, мекендештердин арасында жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштерине активдүү катышуусууна чакырды.
