Кыргызстан менен Монголия транспорт тармагындагы кызматтыштыкты чыңдоо маселесин талкуулады
21 март

Кыргызстан менен Монголия транспорт тармагындагы кызматтыштыкты чыңдоо маселесин талкуулады

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси А. Артыкбаев 20-мартта Монголиянын транспорт жана жол министри Борхуугийн Дэлгэрсайхан менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде 2016-жылы Монголия, Россия жана Кытайдын ортосунда кол коюлган Азия унаа жолдор тармагы боюнча эл аралык унаа транспорту боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу, ошондой эле Бишкек менен Улан-Баатырдын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу маселелерин талкуулады.

Элчи А.Артыкбаев Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы транспорттук коридорлорду жана логистикалык байланыштарды эффективдүү өнүктүрүү сооданын көлөмүн көбөйтүүнүн жана туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылуунун негизги элементи экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде министр Б. Дэлгэрсайхан монгол тараптын Кыргызстан менен транспорт тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкө ортосундагы туризмди жандандырууну жана Кыргызстандан Монголияга органикалык продукцияны жеткирүүгө түрткү берүү максатында транспорттук байланыштарды өнүктүрүүнү тездетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.