Жалал-Абад Кытайдын Хэцзэ шаары менен достук кызматташтыкты күчөтөт
Жалал-Абад Кытайдын Хэцзэ шаары менен достук кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мындай келишимге 2025-жылдын 18-мартында Шинжаң Кыргыз автономиялуу районунун Уча уездинде кол коюлду.
Келишимге ылайык, эки тарап экономика, соода, айыл чарба, маданият, билим берүү, туризм жана башка тармактарда кызматташууну күчтөндүрөт.
