ЖКККББнын башчысы жолдо айдоочулар менен профилактиканы күчөтүүнү тапшырды
12 декабрь

ЖКККББнын башчысы жолдо айдоочулар менен профилактиканы күчөтүүнү тапшырды

ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев 11-декабрда саат 18:00дөн баштап Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын, Чүй облусунун Кемин районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жол кырсыктарынын алдын алуудагы ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасын коюп, жолдогу кар, музду тазалоодо тиешелүү мекеме-ишканаларга эскертмелерди берип, текшерүүнү, тазалоо учурунда коштоп жүрүүнү белгиледи.

Кышкы туристтик мезгил учурунда Бишкек-Каракол жолундагы чет өлкөлүк жана ички туристтерге сылык мамиле жасоону айтты. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин эскертип, жолдо айдоочулар менен профилактиканы күчөтүүнү тапшырды.