Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качап кеткен кылмышка шектүү жаран кармалды
6 май

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качап кеткен кылмышка шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 1-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында белгисиз үлгүдөгү белгисиз автомашина жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү ооруканада каза болуп, автоунаа кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен.

Кемин райондук ИИБнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Хонда Акура үлгүсүндөгү автомашина аныкталган.

Күбөлөрдөн сурак алуу жана автоунаанын табылган жерин кароо учурунда бул оор кылмышты жасаган айдоочу такталып, ал 1996-жылы туулган Б.У. экени белгилүү болгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Б.У. атуу жаран «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, Чүй облусунун Кемин райондук ИИБнүн Тергөөнүн кызматына жеткирилген.

Бул автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери улантылууда.