Ак-Суу районунда Ford Focus автоунаасын текшерген учурда 169 миң сом айып пулу аныкталды
29 май

Ак-Суу районунда Ford Focus автоунаасын текшерген учурда 169 миң сом айып пулу аныкталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ЖККК кызматкерлери Ford Focus үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын айдоочусу ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн жалпы суммасы 169 миң сом болгон айып пулдары бар экени аныкталды.

Учурда унаа атайын токтотмо жайына токтотулуп, айдоочуга тиешелүү протокол түзүлдү.