Караколдо жаңы шаардык милициянын бөлүмчөсү ачылды
1 апрель

Караколдо жаңы шаардык милициянын бөлүмчөсү ачылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн, 1-апрелде жаңы шаардык  милициянын бөлүмчөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бул иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, ошондой эле өздүк курам катышты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө жаңы шаардык  милициянын  бөлүмчөсүнүн ачылышы – калкты тейлөө деңгээлин жогорулатуудагы, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүдөгү жана  жашоочулардын коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда аземдин катышуучулары жаңы шаардык милициянын бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине иштерине ийгиликтерди каалап, бөлүмдүн ачылышы укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн белгилешти.