17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Шектүү буга чейин да төрт кызды зордуктап өлтүргөн
Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбек А. мындан башка дагы ушундай эле кылмыштарга шектүү экендиги аныкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымына танясак, шектүү буга чейин да 4 кызды зордуктап өлтүргөн.
"Бир кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен. Ал боюнча кармалып, сот тарабынан айып салынган. Дагы бир оор кылмышы дагы сотко чейин жеткен. Ал, такси кызматын көрсөтүп жүргөн кезинде бир кызды жеткирип бара жатып, бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылат.
Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып Кумарбектин колун кесип жиберет. Кумарбек экөө кыйлага алышып, анан кызды башына таш менен чаап салат. Кансырап калган учурда пакет кийгизип, Ботсадга алып барып каналга ыргытып, караңгыда дагы бир ирет башына чоң ташты ыргытат. Таш кыздын башына эмес, ийнине тийип калат. Кумарбек кыздын пульстарын текшерип, бир аздан кийин кетет. Кыз ал убакта өлүмүш болуп жата берет. Кеткенден кийин жолдун ары жагындагы заправкага барып, тез жардам чакырып аман калган.
Бул кылмышы боюнча Кумарбек колго түшөт, райондук сот аны “адам өлтүрүүгө аракет кылды”-деп 12 жыл эркинен ажыратат. Кийин, Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Кумарбектин кылмыш беренесин “тоноочулук” деп алмаштырып, жазасын жеңилдетет. Натыйжада, көп өтпөй эле Кумарбек эркиндикке чыгат. Ошол күндөрү дагы бир топ кылмыштарды жасайт, акыркы курмандыгы 19 жаштагы Айсулуу...
Аман калган кыз азыр турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон. Атын ачык атап, жүзүн көрсөтүүгө каршы болду, бирок окуяны айтып берди.
“Бул акмак, ошондо дагы так ушул “хонда стрим” машинесин айдап эүргөн, дагы деле алмаштыра элек экен. Айсулуу деген кыз зордукталып өлтүрүлүптүр деген жаңылыкты окуп, анын унаасын тааныдым. Көп өтпөй эле өзүнүн сүрөтү чыкканда таанып, жүрөгүм ооруду”-деп айтып берди.
Жалпы 7 кызга карата кылмыш жасаганын айтып берген. Анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган. Ал эми кылмышка шектүү дагы бир кызды талаага алып барып зордуктап, бирок өлтүрбөй таштап кеткенин айткан. Милицияга андай арыз менен кайрылган факты катталган эмес, балким ал кыз эч кимге бул тууралуу айткан эмес, жабык бойдон калган", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кыздын денеси Боом капчыгайынан табылган.
Окуянын чоо-жайы:
Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында саат 20:30да милиция бөлүмүнө Т.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткандыгын билдирген.
Аталган билдирүү дароо Жети-Өгүз РИИБне каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.
Тергөө маалында такталгандай, шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны «Honda Stream» үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Каджы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде М.А.нын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылган.
Кылмыш болгондон кийин А.К. болгон окуянын изин жашырууга аракет кылып, далил заттарды жашыруу максатында автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен, бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.К. аныкталып кармалган.
