Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри болуп дайындалды
Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
