Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды
18 декабрь

Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды

Адылбек Касымалиев КР министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, КР министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.