Жалал-Абадда 65 жаштагы аял дайынсыз болууда. Издөө иштерине 40ка жакын адам тартылды
29 май

Жалал-Абадда 65 жаштагы аял дайынсыз болууда. Издөө иштерине 40ка жакын адам тартылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын 65 жаштагы жашоочусу дайынсыз болууда. 

ӨКМден кабарлашкандай, Д.З. аттуу аял 28-майда саат 19:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Издөө иштерине жалпы 39 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.