Сузак – Кара-Дарыя унаа жолу оңдолууда
1 апрель

Сузак – Кара-Дарыя унаа жолу оңдолууда

Жалал-Абад облусундагы Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта 3-4-чакырымдар аралыгында жер жумуштары аткарылууда. Алдыңкы апталарда асфальт төшөө иштери башталат.

Белгилей кетсек, Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун жалпы узундугу 19 чакырымды түзөт. Анын ичинен 5,4 чакырымын (0-5,4-чакырымдар аралыгы) төрт тилкелүү кылып, эки тарабындагы тротуарды кошкондо 22 метрге чейин кеңейтүү каралган. Былтыр анын 2 чакырымына асфальт төшөлсө, жаз алды менен калган тилкеде жумуштар кызуу уланууда.

Эске салсак, 2024-жылы №22 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 4 чакырымына (6-10-чакырымдар аралыгы) асфальт төшөлгөн.