«Дордойдо» милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбеген эки жаран кармалды
видеодон алынган кадр
4 сентябрь

«Дордойдо» милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбеген эки жаран кармалды

Бишкек шаарындагы «Дордой» соода базарынын аймагында коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 3-сентябрда саат 13:30 чамасында болгон. Анда эки жаран бейбаштык аракеттерди жасап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1993-жылы туулган Ш.И. жана Ж.У. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.

Эки жаран тең райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.