Ысык-Көлдө “Рульда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугун камсыздоо максатында “Рульда” аталышындагы рейддик иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – айдоочулардын жол эрежелерин сактоосун көзөмөлдөө, жолдогу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу болупэсептелет.
Рейд учурунда ЖКККБнын кызматкерлери унааларды токтотуп, айдоочулардын рулда алкоголдук абалда эместигин текшеришти. Ошондой эле айдоочуларга жолдо жоопкерчиликтүү жүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Рульда” рейдинин жүрүшүндө айрым жол эрежелеринбузган айдоочулар аныкталып, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул рейддин максаты – жолдо коопсуздукту камсыздоо жана айдоочулардынжоопкерчилигин жогорулатуу.
“Рульда” рейддик иш-чара 8-июль тартып 8-августуна чейин улантылмакчы, жол эрежесин сактабаган айдоочуларга каршы катуу чаралар көрүлөт.
