Баткенде быйыл 21 соцобъекттин курулушу аяктады
18 декабрь

Баткенде быйыл 21 соцобъекттин курулушу аяктады

Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 объектиде курулуш, оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

71 обьектинин ичинде:

  • 31 мектеп,
  • 4 спорт комплекси,
  • 7 балдар бакчасы,
  • 6 административдик имарат,
  • 3 саламаттыкты сактоо мекемеси,
  • 2 маданият мекемеси,
  • 4 таза суу обьектиси,
  • 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөө иштери бар.

2024-жылдын жыйынтыгы менен 21 объекттин курулушу аяктоодо. Буга чейин 16 социалдык объекти эксплуатацияга тапшырылды. Алар:

  • 9 мектеп,
  • 1 саламаттыкты сактоо мекемеси,
  • 4 таза суу обьектиси,
  • 2 административдик имарат.

31-декабрга чейин курулушу аяктаган дагы 5 объектини тапшыруу пландалууда.